Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:08

“Курманжан датка” тасмасы Монреалда сынактык эмес негизде көрсөтүлөт


Жакында чоң экранга чыгышы күтүлүп жаткан «Курманжан датка» тасмасы абройлуу «А» категориясындагы дүйнөлүк Монреал кинофестивалында сынактык эмес негизде көрсөтүлөт. Фильмдин режиссеру Садык Шер-Нияз, башкы продюсер, ЖК депутаты Жылдызкан Жолдошева жана башкы каармандын ролун аткарган Элина Абай кызы ушул күндөрү Канаданын Монреал шаарында жүрүшөт. Фестиваль 21-августта башталат. “Курманжан датка” киносу фестивалдын жүрүшүндө үч жолу көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Айтыш фильмдин” басма сөз катчысы Чолпон Идирисова “Азаттыкка” билдирди.

«Кыргызфильм» менен «Айтыш Фильм» бирге тарткан тасма быйыл 31-август, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата эл назарына тартууланат.

Толук метраждуу, эки сериялуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин тартууга үч жылдай убакыт кетти. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалган. (SE)

XS
SM
MD
LG