Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Ооганстанда жүк машинасы оодарылып, отуз үч киши мерт кетти


Ооганстандын түндүк-батышында жүк машинасы авария болуп, отуз үч кишинин өмүрү кыйылды, он үч адам жабыркады. Мерт кеткендер арасында аялдар жана балдар да бар. Жергиликтүү бийлик окуя 16-августта Бадгис провинциясынын Аб-Камари районунда болгонун билдирди.

Унаада адамдар менен кошо үй жаныбарлары да болгон. Тоолуу жолдо баратып, айдоочу рулду башкара албай, машине кулап кеткен.

Ооганстанда кооптуу жолдор көп болгондуктан, мындай окуялар тез-тез кайталанат. (SE)

XS
SM
MD
LG