Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

БУУ өкүлү Иран расмийлери менен сүйлөшүү жүргүзөт


БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин баш катчысы Юкиа Амано жекшемби күнү Иранга барды. Ал Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча Иран президенти Хасан Роухани менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, БУУ өкүлү Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф жана Ирандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин жетекчиси Али Акбар Салихий менен да жолугушат.

Өткөн жылдын ноябрында Иран менен Кытай, Орусия, АКШ, Франция, Британия жана Германия кирген топ 6 айлык утурумдук келишим түзгөн. Ага ылайык, Тегеран ядролук программасын чектеп, ал үчүн эл аралык коомчулук киргизген айрым санкциялар жеңилдетилген. Келишимдин мөөнөтү 20-июлда аяктады.

Эл аралык коомчулук Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп атат деп шектенет. Тегеран дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG