Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилер өкмөт армиясынын учагына сокку урду. Бийлик өкүлдөрү МИГ-29 үлгүсүндөгү аскерий учак 17-август күнү Луганск облусунда жикчилерге каршы чабуул башталгандан соң атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, учкуч парашют менен секирген, аны аскерлер куткарып калган.
Төрт айдан бери жүрүп жаткан урушта Чыгыш Украинада 2 миңден ашуун адам өлүп, 250 миңден көбү баш калка издеп, башка аймактарга кетти.
Жергиликтүү маалымат булактары соңку бир суткада эле 10 адам каза таап, 8 киши жараат алганын жазып чыкты. (SE)