Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:21

Владикавказда муфтий орунбасарын аткан адам изделүүдө


Орусиянын Владикавказ шаарында тартип сактоо органдары Түндүк Осетия муфтийинин орунбасары, Владикавказ мечитинин имамы, 36 жаштагы Расул Гамзатовду өлтүргөн адамды издеп жатат.

Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, Гамзатовду 16-июль күнү кечинде үйүнө келип, машинеден түшүп жаткан кезде атып кетишкен.

Расул Гамзатовдон мурда муфтийдин орунбасары болуп иштеген Ибрагим Дударовду да 2013-жылдын декабрь айында атып кетишкен болчу. Аны өлтүргөндөр да ушул күнгө чейин табыла элек.

XS
SM
MD
LG