Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

Акын Абдилаат Дооровдун жаңы китебинин бет ачары болот


Акын жана журналист Абдилаат Дооровдун “Ак булут” аттуу жаңы китебинин бет ачары бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада өтөт. Иш-чарада акындын чыгармалары окулуп, азыркы кыргыз поэзиясы да талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар кабарлады.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдилаат Дооров 1953-жылы Баткендин Лейлек районунда төрөлгөн. 20 жылдан бери райондук “Ата журт” гезитинде башкы редактор болуп эмгектенет.

Буга чейин “Миң тамыр”, “Гүл-гүл” аттуу китептери басылып чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG