Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Ала-Бука: калайман мушташ боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Ага ылайык, 16-августта кечке маал Ала-Бука менен Сары-Талаа айылдарынын жаштары мушташа кеткен. Чырга үйлөнүү үлпөтүндө жүргөн сарыталаалыктардын Ала-Бука айылынын бир тургунун сабап койгону себеп болгон. Натыйжада токмок жеди деген баланын тааныштары чогулуп, берки тарапты сабаган. Андан соң эки тараптан тең 300дөй адам топтолгон. Милиция тараптардын андан кийинки кагылышуусуна жол берген эмес, бирок чатакка тиешеси жок адамдардын үч унаасы талкаланган. Буга байланыштуу “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иш козголду, окуя боюнча беш адам кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ушул тушта тергөө уланып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG