Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Ала-Букада кен казууга байланыштуу чыр чыкты


Жалал-Абадда Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл өкмөтүндө жергиликтүү эл KGM Ltd кыргыз-кытай компаниясынын Соломо аймагынан кен казышына каршы болуп жатат. Алар 5-6 миң гектардай кайрак жерге суу чыгарып берүүсүн талап кылууда. KGM Ltd компаниясынын жетекчиси Алмамбет Эсенкулов 46 миллион доллардан ашкан каражатты талап кылган бул долбоорду ишке ашырууга чакан компаниянын чама-чаркы жетпесин, Өрүктүнүн мындан башка социалдык маселелерине каралаша аларын айтууда.

Аталган компания Соломодогу кенди казуу үчүн лицензияларды 2010-жылы алган. Чалгындоо, казууга даярдык көрүү жана дагы башка бир катар жүйөлүү себептерден кен казууну былтыр күзүндө баштаганы жаткан. Бирок иш башталаар алдында жергиликтүү эл каршы чыккан.

Соломодо 300 килограммга жетпеген алтын жатат.

Кен чалгындап, казып жаткан компаниялар менен жергиликтүү элдин тил табыша албай жаткан учурлары Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде бар.(EBM)

XS
SM
MD
LG