Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Сатыбалдиев Оштогу газ көйгөйүн чечүү жолу бар экенин айтты


Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Оштогу газ маселесин чечүү жолу бар экенин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө билдирди. Экс-премьер-министр кызматта жүргөн кезде көгүлтүр от көйгөйүн Өзбекстан менен эч кандай маселесиз чечип келгенин, азыр деле сүйлөшө аларын белгиледи. Проблеманы чечүүнүн кандай жолу бар экенин ачык айтпаганы менен, азыркы өкмөт жардам сурап кайрылса, көмөктөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

“Кыргызгаз” Орусиянын “Газпромуна” сатылгандан кийин Өзбекстан көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. Ош шаарында быйыл апрелден бери газ жок. (SE)

XS
SM
MD
LG