Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Британияда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленет


Британиянын ар тарабында Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бир нече бейрасмий иш-чаралар өтөт. Алардын эң негизгиси 30-августта Лондондун Батерси багында уюштурулат. Бул өңдүү майрамдык чакан салтанаттар Шотландиянын жана Уэльстин бир катар шаарларында өтөт. Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын эң негизгиси Англияда болот. Ага Лондондогу кыргыз уюмдары, кыргызстандык маданий, илимий интеллигенция өкүлдөрү жана студенттер катыштары күтүлүүдө. Иш-чараларды ал жактагы кыргыз коомчулугу уюштурууда.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар Европанын Австрия, Бельгия, Германия, Испания, Италия, Франция жана Швейцария мамлекеттеринде дагы уюштурулат. Аны менен бирге 28-августтан 31-августка чейин Швейцарияда Европадагы мекендештердин алгачкы курултайы өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG