Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Орусия Кыргызстандан ташылган мөмө-жемишке тыюуну алып салды


Кыргызстан Орусияга айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча орус өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министринин орун басары Данил Ибраев кабарлады. Анын айтымында, өткөн жума соңунда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын сатуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ага ылайык, мөмө-жемиштерди бул өлкөгө алып кирүүдөгү бардык тоскоолдуктар алынарын билдирди. Буга чейин алып кирүүдө бир катар тыюулар бар болчу. Мындан сырткары эт жана сүт продукцияларын сатуу боюнча сүйлөшүлүп жатат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Орусияга 30 миң тоннага жакын эт, 2 миң тоннага жакын сүт продукцияларын, 60 миң тонна жашылча, 50 миң тонна картошка сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Украина кризисинен улам Орусия Батыштан айыл чарба продукцияларын сатып алууга санкция киргизген.(BkA)

XS
SM
MD
LG