Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Өкмөт күйүүчү майга баанын кымбатташы боюнча жыйын курду


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү күйүүчү майга баанын өсүшү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы акыркы кездеги күйүү майга баанын көтөрүлүшү калкты чочулатып жатканын айтып, мунун себебин тыкыр иликтеп чыгуу зарылдыгын билдирди. Жыйынга катышкан Нефтетрейдерлер бирикмесинин өкүлдөрү бул кымбаттоого Орусиядагы Ачин мунайды кайра иштетүүчү заводундагы жарылуу себеп болгонун билдирди. Ошондой эле мындан соң күйүүчү майга баа 3-7 пайызга көтөрүлөрү күтүлүп жатканы да белгилүү болду.

Оторбаев өлкөдөгү баанын кымбатташынын алдын алуу үчүн күйүүчү майды сыртка ташып чыгууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.(BkA)

XS
SM
MD
LG