Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Путин менен Порошенко Минскте жолугат


Порошенко жана Путин немец канцлери Ангела Меркел менен. Франция, 6-июнь, 2014-жыл.
Порошенко жана Путин немец канцлери Ангела Меркел менен. Франция, 6-июнь, 2014-жыл.

Эки президенттин кездешүүсү 26-августа Минскте өтөрүн 19-августта Кремль ырастады.

Маалыматка ылайык, Путин беларус борборунда украин президентинен тышкары Еврокомиссиянын жетекчилиги, Казакстан жана Беларустун лидерлери менен да кездешет.

Орус президенти менен жолугарын Порошенко да тастыктап, Украинанын чыгышындагы “кырдаалды турукташтыруу” сүйлөшүүнүн негизги маселеси болорун белгиледи.

Порошенко президенттикке шайлангандан бери орус жана украин лидерлери ортосунда эки тараптуу, олуттуу талкуу өтө элек.

Алар июндун башында Франциядагы салтанаттар учурунда гана кыска убакыт сүйлөшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG