Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Исламабадда демонстранттар полициянын баррикадасын бузушту


Пакистандын борборунда нааразылык акциясына чыккан он миңдеген демонстранттар парламент имаратына алып барчу жолдогу полициянын баррикадасын бузуп өтүштү.

Күч кызматкерлери демонстранттарды шаардын өкмөттүк кеңселер менен чет элдик элчиликтер жайгашкан “кызыл зонасына” киргизбөө үчүн ал жерди жүк ташуучу контейнерлер менен курчаган болчу.

Исламабадга шейшембиде аскерлер да жайгаштырылганы кабарланган.

Оппозиция лидери, өлкөдөгү үчүнчү ири саясий партиянын башчысы Имран Хан жана эскичил динаятчы Тахир ул-Кадри оң миңдеген жактоочуларын борборго алып келишкен. Алар премьер-министр Навази Шарифти былтыркы шайлоону бурмалаганы үчүн айыптап, анын өкмөтүн кулатууну көздөп жатышат.

Имран Хан менен Тахир ул-Кадринин ырастоосунда, акыркы бир аптадан бери алардын жүздөгөн жактоочулары камалган. (UE)

XS
SM
MD
LG