Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

“Ата Мекен” фракциясы кезексиз жыйынга чогулат


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди карап чыгышат. Жыйында депутат Өмүрбек Текебаевдин жана ички иштер министри Абдылда Сурначиевдин докладынын тегерегинде талкуу болорун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Атамекенчилер” Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди сунуштоо жаатында да пикир алмашары кабарланды.

Эки ай мурун Жогорку Соттун төрайымы парламентке кайрылып, Соттор кеңешинин жаңы курамын бекитип берүүнү суранган. Бирок депутаттар аны күзгө калтырган.

Сотторду тандоо кеңеши бир жылдан бери иштебей, жер-жерлерде бир топ судьянын орду бош турат. (SE)

XS
SM
MD
LG