Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Ысык-Көлдө айыл чарбасы эл аралык деңгээлде өнүктүрүлөт


“Ысык-Көл-2014” эл аралык экономикалык форумунда кабыл алынган негизги чечимдердин бири ушул болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Темир Сариев билдирди.

18-19-августта жабык өткөн форумга Казакстан, Бангладеш, Орусия, Кытай жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышып, мындан ары чогуу ишке ашыра турган долбоорлорду талкуулашты. Байыркы Улуу Жибек жолунда негизделген соода тармагын жандантууга арналган иш-чарада Ысык-Көл облусунун айыл-чарбасын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу маселеси да каралды.

- Аймакта күнөскана иштетүү тармагын кеңейтип, облусту туризм менен гана эмес, чарбачылык менен да өркүндөтүү темасына көбүрөөк басым жасадык. Бул үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы бизге зарыл,- деди Сариев.

Экономика министрлигинин демилгеси менен быйыл алгачкы ирет уюштурулган форумга жогоруда аталган өлкөлөрдөн экономисттер жана расмий өкүлдөр келди. Мындан ары иш-чара жыл сайын Көл боюнда уюштурулмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG