Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Вице-премьер оңдолгон жолдун сапатына тынчсызданды


Вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкектеги оңдолуп жаткан Токтогул көчөсүнүн сапатсыздыгына тынчсызданды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, вице-премьер 19-августта аталган жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын жүрүшүндө жолду оңдоо долбоорсуз башталып, жыйынтыгында бир катар алешемдиктер кеткени аныкталган. Мындан улам Валерий Диль Токтогул көчөсүн оңдоо боюнча долбоорду кайрадан иштеп чыгып, андагы кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча быйыл шаардагы Бөкөнбаев, Токтогул көчөлөрүн толугу менен оңдоо каралган. Мындан сырткары шаар боюнча 60 көчөдө асфальтты жамоо иштери жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG