Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Ислам Каримовдун Кытайдагы эки күндүк сапары аяктады


19-августта Өзбекстан президенти Ислам Каримов жана Кытай президенти Си Цзинпин өз ара кызматташууну өнүктүрүүнүн беш жылдык планына жана жалпы декларацияга кол коюшканы маалымдалды.

Ошондой эле эки жак технологиялык жана экономикалык кызматташууну тездетүү, энергетика, жаңы технология, банк жана финансы тармактарында кызматташуу боюнча 6 млрд. доллардан чоң өлчөмдөгү келишимдерге кол койду.

Өкмөттүк Синхуа агенттигинин кабарлашынча, Каримов жана Цзинпин Борбор Азияны Кытай менен туташтырган газ куурунун курулушун ылдамдатуу зарыл деп табышты. Орустардын Интерфакс агенттигинин маалымдашынча, 2013-жылы Өзбекстан-Кытай ортосундагы соода 5,2 млрд. долларды түзсө, 2014-жылы алты айда 2, 6 млрд. долларга соода кылышты.

XS
SM
MD
LG