АКШнын чалгындоо кызматтары “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары америкалык журналист Жеймс Фоулинин башын алуусун көрсөткөн видеотасманы чын деп тастыктады. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Кейтлин Хейден 20-августта “...биз бул видео чын деген бүтүмгө келдик” деп билдирди. Франс пресс жана GlobalPost басылмасынын кабарчысы 40 жаштагы Фоулини 2012-жылы ноябрда Сирияда белгисиз куралчандар уурдап кеткен болчу. Эл аралык коомчулук “Ислам мамлекети” уюмунун берегидей видеотасманы 19-августта жарыялоосун сындашууда. “Ислам мамлекетинин” маалымдашынча, Фоули АКШ президенти Барак Обама Түндүк Ирактагы жихадчылардын өңүттөрүнө абадан сокку урууну буйруганы үчүн өч алуу максатында өлтүрүлгөн. Видеодо 2013-жылы августта уурдалган экинчи америкалык журналист Стивен Сотлоф да өлтүрүлөт деп эскертилет.
Чек арасыз кабарчылар уюмунун башкатчысы Кристоф Делуар америкалык журналистин башы алынууда делген видеотасмага байланыштуу: "Сирияда өз милдетин аткарып жүргөн 38 журналист өлтүрүлгөндөн кийин Жеймс Фоули менен эмне болгонун карап туруу өтө коркунучтуу. Бул өлтүрүү Сирияда бардык журналисттерди өлтүрүүдөн да жаман, себеби анын башы алынган,"- деди Рейтер агенттигине.