Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн билдирүү таратты. Анда министр Абдылда Суранчиевдин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында уюшкан кылмыштуу топторго катышы бар делген жана мурда кылмыш жообуна тартылган жергиликтүү кеңештин депутаттарынын атын атоодо эч кандай саясий максат жоктугу айтылат.
Кечээ министр Суранчиев окуган тизмеге өлкө аймактарындагы жергиликтүү кеңештерден 20дан ашык депутат кирген. Алардын арасында Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынын мүчөлөрү бар. Мындан сырткары Кара-Балта шаардык кеңешине кримтөбөл Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү депутат болуп шайланган. Министр Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бакыт Жетигенов Бокушов менен жакын мамиледе экенин айткан.
Бакыт Жетигенов Алмаз Бокушев менен бирге окуганын ырастап, бирок кылмыштуу топко тиешесин төгүнгө чыгарган. Ал өз ысымын Ички иштер министрлиги саясий максаттан улам атады деп билдирип чыккан.(BkA)