Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Орусияга азык-түлүк экспорттоо жолдору талкууланууда


Экономика министрлигинде Кыргызстандан Орусияга экспорт кылына турган азыктар жана аны жеткирүү жолдору талкууланууда. Анда Кыргызстандан мөмө-жемиш, эт жана сүт продукцияларын сатуунун жолдору, аларды сертификациялоо ыкмалары тууралуу сөз жүрүүдө. Талкууга Экономика, Айыл чарба министрликтеринин, Орусиянын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ишкерлер, фермелер катышууда.

Москва жакында Батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүк алууга тыюу салгандан бери бир катар мамлекеттер өз продукцияларын Орусияга сатуу аракетин жанданткан. Өткөн жумада Москвада уюштурулган Бирдиктүү экономикалык аймактын отурумунда кыргыз тарап экспорт кылынуучу товарлар боюнча сунуш киргизген.

Кыргыз өкмөтү Орусияга 30 миң тоннага жакын эт, 2 миң тоннага жакын сүт продукцияларын, 60 миң тонна жашылча, 50 миң тонна картошка сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG