Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Евробиримдик "Болотная иши" боюнча сот чечимин сынга алды


Евробиримдик 2012-жылы Путинге каршы Болотная аянтына чыккан активисттердин айыпталышын сынга алды.

Өткөн эки айдын ичинде Москванын Замоскворецк соту Болотная аянтындагы окуя боюнча дагы төрт кишиге карата өкүм чыгарып, алардын ар бирин эки жарым жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратты. Жаза мөөнөтүн алар жалпы тартиптеги абакта өтөмөкчү.

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон орус бийлигинин мындай кадамын сынга алып: “Биз буга чейин бир нече ирет билдирип келгендей, соттун өкүмү акыйкатсыз жана мындай чечимдер орус жарандарынын өз оюн эркин билдирип, акцияларды өткөрүү укуктарын чектейт”- деп билдирди.

Еврошаркет Орусияны адам укуктары боюна эл аралык милдеттенмелерин так аткарууга, айрыкча соттук териштирүүлөрдү адилет өткөрүүгө жана жарандардын өз пикирин эркин билдирип, ар кыл акцияларга чыгуу укугун сыйлоого чакырды.

2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында оппозициянын акциясы учурунда полиция менен кагылышуу болгон. Буга чейин да ондогон адамдар соттолгон.

XS
SM
MD
LG