Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Жогорку Радага мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт


Кийинки аптада Украина президенти Петр Порошенко Жогорку Раданы таратуу жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол коет.

Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына президенттин кеңешчиси Олег Медведев билдирди.

Анын айтымында, жаңы коалиция түзүү үчүн берилген 30 күндүк мөөнөт соңуна чыгып калды. Мындай учурда президент мыйзамдуу түрдө парламентти тарката алат.

Порошенконун кеңешчиси сентябрда ири саясий жана социалдык реформалар пакети жарыяланарын кошумчалады. Ошондой эле саналуу күндөрдөн кийин Украина Евробиримдик менен ушул жылдын июнь айында кол койгон ассоциациялык келишим ратификацияланат.

XS
SM
MD
LG