Түркиянын жаңы өкмөтүн 28-августтан тарта буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеген Ахмет Давутоглу жетектейт. Анын талапкерлиги башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы – АКП тарабынан көрсөтүлдү. Бул тууралуу жакында президенттик шайлоодо утуп чыккан Режеп Тайип Эрдоган бейшембиде жарыялады.
Ахмет Давутоглунун премьерликке талапкерлиги 27-августта АКПнын курултайында бекитилип, эртеси өкмөттү башкарууга киришет.
Партиянын азыркы төрагасы, премьер-министр Эрдоган 10-августта президент болуп шайланган. 28-августтан тарта анын ыйгарым укугу күчүнө кирет.