Онкологиялык дарт менен ооруган балдар үчүн 40 даана катетер сатып алууга каражат топтоо акциясы бүт республика боюнча уланууда. Аны жарандык активисттер уюштурган. Бир катетердин баасы 150 доллар.
Акча топтоо үчүн төлөм кабыл алуучу терминалдарга атайын кызмат туташтырылган. Терминалдагы “Мобилдик чөнтөк” жана “Жардамдашуу оңой” аттуу опцияларга телефонго бирдик салгандай эле каалаган каражатты калтырса болот.
Оорулуу балдар үчүн катетер жетишсиздиги маселеси буга чейин бир канча ирет көтөрүлгөн.
“Ракка каршы!” коомдук кыймылынын мүчөлөрү Кыргызстанда оорунун алдын алуучу улуттук программанын жок экендигине байланыштуу өкмөттү сындап келет. (SE)