Москванын Таган райондук соту бийик имаратка украин желегин илип, андагы эстеликти боёгондорду үй камагына бошотту. Александр Погребов, Алексей Широкожуков, Анна Лепешкина жана Евгений Коротковдун үстүнөн бейбаштык, аймактак бөлүнүп-жарылууга үгүттөө боюнча кылмыш иши козголгон.
20-август күнү кечинде Москванын Котельнический аймагындагы бийиктиги 176 метр болгон 32 кабаттуу имараттын чокусундагы чоң жылдызды бирөөлөр Украинанын желегине түспөлдөш сары жана көк түскө боёп, анын үстүнө украиндердин байрагын орнотуп кетишкен. Милиция бул боюнча кылмыш ишин козгоп, жогоруда аталган жарандар кармалган. Бирок алар күнөөнү мойнуна ала элек. Имараттын үстүнө парашюттан секирүү максатында чыгышканын айтып жатышат.