“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери тарабынан Сирияда каза тапкан америкалык журналист Жеймс Фоулинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер билдирди.
Франс пресс жана GlobalPost басылмасынын кабарчысы, 40 жаштагы Фоули 2012-жылы ноябрда Сирияда белгисиз куралчандар тарабынан уурдалган. Быйыл 19-августта “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары анын башы алынгандыгы жазылган видеотасманы интернетке жарыялады.
АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун рак шишигине салыштырып, ага 21-кылымда орун жок экендигин, тезинен жоготуу зарылдыгын белгилеген.