Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

ТИМ Ош мэринин сөзүн төгүнгө чыгарды


Ошко газды жандантуу үчүн Өзбекстандан айрым жерлерди жана Сох анклавына коридор суроо боюнча расмий кайрылуу түшкөн эмес.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, түштүктөгү газ маселесин чечүү үчүн өкмөт Өзбекстан менен сүйлөшүү өткөргөн. Бирок анын алкагында расмий түрдө Ош мэри Айтмамат Кадырбаев айткандай талап болгон эмес.

Ош мэри Аймамат Кадырбаев калаадагы “Манас-Ата” аймагынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда коңшу өлкө Ошко газды жандандыруу үчүн Кыргызстандын аймагынан айрым жерлерди жана Сох анклавына коридор берүүнү сурап жатканын билдирген. Кыргыз бийлиги мындай шартка макул болбой турганын билдирген мэр шаардыктарды убактылуу кыйынчылыктарга чыдап турууга чакырган.

Өзбекстан 14-апрелде Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон жана ал боюнча кыргыз тараптын кайрылууларын жоопсуз калтырып келе жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG