Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:03

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Литва жараны мерт кетти

Каракол-Балыкчы жолундагы кырсыктан 40 жаштагы Литванын жараны мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде аталган жолдун Жети-Өгүз районундагы бөлүгүндө БМВ жана “Хонда-Стрим” үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Андан Литванын жараны Липс Эрнс каза болуп, дагы бир 41 жаштагы литвалык Санита Блейда жана 20 жаштагы БМВнын айдоочусу Нурсултан Мамбетов Кызыл-Суу айылынын ооруканасына жаткырылды.(BkA)

​
XS
SM
MD
LG