Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Бүгүн "Курманжан Датка" тасмасы Монреалда көрсөтүлөт


Жакында чоң экранга чыгышы күтүлүп жаткан «Курманжан датка» тасмасы Монреал кинофестивалында Канада убактысы боюнча бүгүн көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманы тарткан “Айтышфильм” студиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, фильмдин режиссеру Садык Шер-Нияз, башкы продюсер Жылдызкан Жолдошева жана башкы каармандын ролун аткарган Элина Абай кызы ушул күндөрү Канаданын Монреал шаарында жүрүшөт.

Мындан сырткары аталган тасма 23-август башталчу Орусиядагы Якутск кино фестивалында көрсөтүлмөкчү.

«Кыргызфильм» менен «Айтыш Фильм» бирге тарткан тасма быйыл 31-август, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата эл назарына тартууланат.

Толук метраждуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин тартууга үч жылдай убакыт кетти. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG