БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэй Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин күнөөлөдү.
Пиллэй айым 21-августта кеңештин 15 мүчөсүнүн алдында:
- Кыска мөөнөттүк геосаясий маселелер жана чолок улуттук кызыкчылыктар көбүнесе адамдардын чыдагыс азап-тозогу жана дүйнөлүк тынчтык менен коопсуздукту узак мөөнөтүк бузуулардан өйдө коюлат. Кеңеш жоопкерчилигин чоңойтсо, жүз миңдеген адамдардын өмүрү сакталарына терең ишенем. Бир катар өлкөлөрдөгү, анын ичинде Ооганстан, Ирак жана Украинадагы кризис - эл аралык коомчулук чатактардын алдын ала албай калганын көрсөттү. Адам укуктарын бузууларды токтотуу үчүн кыска мөөнөткө жана чоң масштабда байкоочулар миссиясын жайгаштыруу зарыл,- деп сүйлөдү.
Пиллэй 85 миллиард долларлык курал өнөр жайын жөнгө салып туруу үчүн БУУнун каруу-жарак соодасы боюнча келишимин бекемдөөгө чакырды.
Алты жыл БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгын жетектеген Нави Пиллэй чукул арада кызматынан кетет.