Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

АКШ Кытайды аба мейкиндигинде чагым кылды деп айыптады


Кошмо Штаттар Кытайдын аскерий аба күчтөрүнүн тик учактарын АКШнын аскерий-деңиз күчтөрүнүн учагынан алыс эмес жерде жасаган кооптуу ыкмасы (манёвр) үчүн Кытайга нааразылык билдирди. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Жон Кирби маалымдады.

Кирбинин айтымында, окуя 19-августта Түштүк-Кытай деңизинде, Хайнань аралынын 210 чакырымында орун алган. Кытай тик учагы Американын P-8 Poseidon аскерий учагына 10 метр жакын учуп, өзүнүн куралдуу экенин көрсөткөндөй болгон. Жон Кирби кытай учкучунун бул аракетин кооптуу жана жаңылык кадам деп атады. Ал эми АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Бен Родс аны олуттуу чагым катары мүнөздөдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG