Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Газада Израилдин аба соккусунан үч киши мерт кетти


Бүгүн таңда Газанын борборунда Израилдин аба соккусунан үч палестиналык набыт болуп, жалпысынан 50дөй киши жараат алды. Израил чек арадан алыс эмес жердеги айылдын биринде минометтон төрт жаштагы бала каза тапкандан кийин Газага абадан сокку урган.

Израил армиясы Газадагы операциясын баштаган июль айынан бери эки миңден ашуун палестиналык өлүп, он миңдин тегерегинде адам жараат алган. Алардын көбү карапайым тургундар.

Жергиликтүү маалымат булактары 22-августта палестин согушчандары Израил менен кызматташты деп шектелген 18 адамды тындым кылганын билдиришти.

21-августта авиа чабуулдан ХАМАСтын үч жооптуу кызматкери өлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG