Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Баткенде көмүрдүн тоннасы 8-10 миң сомдон сатылууда


Күз-кыш мезгилине даярдыктар менен таанышуу үчүн вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев башында турган топ Баткенге барды. Ушул тапта Баткенде облустук мекеме-ишканалардын, райондук администрация, шаардык мэриянын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп жатат. Анда калктын жана социалдык мекемелердин кышка карата даярдыгы, тоют камдоо маселеси талкууланууда.

Баткен облусу боюнча жылына социалдык мекемелерге 15 миң, калкка 70 миң тонна көмүр керектелет. Облус аймагындагы Сүлүктү шаары бир жылда 210 миң тоннадан ашык кара алтын өндүрсө, анын көпчүлүгү Тажикстанга сатылат. Ошол себептүү аймакта көмүргө болгон баа жогорулап кетери айтылып жүрөт. Учурда Баткен шаарында көмүрдүн бир тоннасы 8-10 миң сомдон сатылууда. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG