Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасына видео көзөмөл орнотулду


Видео көзөмөл Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Чоң-Талаа чек ара бөлүкчөсүнүн аймагында орнотулду. Ал 10-15 чакырым аралыкты күнү-түнү бир эле чек арачынын көзөмөлдөп туруусуна шарт түзөт. Баткен чек ара кошуунунун чек ара кайтаруу бөлүмүнүн зардалы Максатбек Сарыгуловдун “Азаттыкка” белгилешинче, видео көзөмөл аткезчилик жана чек арадагы мыйзам бузууларды токтотууга жардам берет. Шайман бир эле учурда алыскы аралыкты жакындатып тартат. Аткезчилик менен алектенгендерди жоопкерчиликке тартууда далил катары сүрөт, тасмасы сакталат.

Чоң-Талаа - чек арачылар жетишпеген жана аткезчилик эң көп катталган аймак катары айтылып жүрөт. Баткен облусунда жыл башынан бери жалпысынан 28 чыр-чатак жаңжалы катталган. Анын басымдуу бөлүгү кыргыз-тажик чек арасында чыккан. Эксперттер чырдын көбү аткезчиликтен жана чек араны мыйзамсыз өтүүдөн келип чыгарын белгилешет. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG