Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

600дөн ашык адамга кыргыз жарандыгы берилди


Президент Алмазбек Атамбаев 616 адамга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарандык берилген адамдардын көпчүлүгү Өзбекстандан жана Тажикстандан мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматында 1995-жылдан бери 51 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилди. Ал эми 27 584 адам өз каалоосу менен жарандыктан чыгарылган. Жарандык алгандардын 40 миңден ашууну коңшу өлкөлөрдөн кайткан этникалык кыргыздар.(BkA)

XS
SM
MD
LG