Өзбекстандын аймагында калган Барак эксклавынын тургундары өкмөттүн бөлгөн каражаты жетишсиз экенин айтып, жардамды көбөйтүүнү суранышууда.
Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бурканбек Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөт бөлгөн 3 миллион доллардан ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон каражат бөлүү каралууда. Бирок бул каражат аларды Кара-Суу районундагы жаңы конушка көчүрүп келип, турак-жай салууга жетишсиз. Мындан улам барактыктар өкмөткө берилчү ссуданын өлчөмүн көбөйтүүнү суранууда.
Барак эксклавы Кара-Суу районуна карайт. Аталган айыл 5 чакырым ичкери Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Эксклав тургундары Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү суранып келген. Кыргыз өкмөтү барактыктарга жардам берүү үчүн үч миллион доллар бөлгөн.(BkA)