Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Токтогулда жол кырсыгынан алты адам мерт кетти


Бишкек-Ош жолунун Токтогул районундагы бөлүгүндө жол кырсыгынан алты адам мерт кетти. Каза болгондордун үчөө жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Үч-Терек айылынын аймагында 23-август күнү кеч курун орун алган кырсыкта “Хонда-Одиссей” жана “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан жараат алган дагы алты адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда быйыл жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча өткөн беш ай ичинде 2687 жол кырсыгы катталып, 312 киши каза болду. Буга байланыштуу өткөн айдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул көбөйтүлдү.(BkA)

XS
SM
MD
LG