Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Москвада Украинаны колдогон акция үчүн беш адам кармалды


«ОВД-Инфо» маалымат агенттиги кабарлагандай, эки кыз жана үч жигит Кремлдин жанындагы чоң көпүрөгө узундугу он метрге жеткен Украина туусун илүүгө аракет кылышкан. Кармалгандардын биринин «Эхо Москвы» радиостанциясына билдиргенине караганда, мындай акция аркылуу алар Украинаны төбөлсүздүк күнү менен куттуктоону көздөшкөн. Полиция кызматкерлери акция алдын ала макулдашылбаганын айтышкан. Бүгүн Украина эгемендигинин 23 жылдыгын белгилөөдө. Быйылкы эгемендик күнү өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге каршы аскердик операция жүрүп жаткан маалга туш келди.

XS
SM
MD
LG