Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Газада авиасоккудан көп кабаттуу имарат кыйрады


Израил армиясынын абадан соккусунан Газа тилкесиндеги Палестин Ички иштер министрлигинин 7 кабаттуу имараты кыйрады. Палестиналык дарыгерлердин айтымында, кыйроодон эки адам мерт кетип, дагы бешөө жараат алды. Ага чейин Рафахтагы соода борборун аткылоодон жети адам жарык дүйнө менен кош айтышкан. Өз кезегинде Израил бийликтери Сирия тараптан эки күн ичинде беш ирет ракета менен аткылоо болгонун, алар калк жашабаган аймактарга түшкөнүн билдирүүдө.

Ал ортодо Египет бийликтери Жакынкы Чыгыштагы жаатташкан эки тарапты ок атууну токтотуп, сүйлөшүүгө чакырды. Буга чейин да бул өлкөнүн ортомчулугу астында бир нече жолу кыска мөөнөткө ок атуулар токтогон болчу.

8-июлда Израил армиясы Газадагы операциясын баштагандан бери 2 миңден ашуун палестиналык өлдү. Алардын көбү карапайым жарандар. Израил тараптан 67 адам, анын ичинде үч жоокер набыт болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG