Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Кытайда сегиз адам өлүм жазасына тартылды


Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном аймагында терроризмге айыпталган сегиз адам өлүм жазасына тартылды. Алардын үчөө өткөн жылы Пекиндин Тяньаньмэнь аянтында бомба катылган автоунааны жардырып жиберген деп айыпталды. Ал окуядан бир нече адам каза таап, ондогон адамдар жарадар болгон. Шиңжаң Кытайдын кооптуу аймагы болуп саналат. Бийликтин маалыматына ылайык, бул чөлкөмдө “ал –Каидага” байланышы бар деп шектелген “Чыгыш Түркстан” террористтик уюму өз ишмердигин улантып келет. Быйыл Кытайда бир жылдык мөөнөт менен антитеррордук өнөктүк жарыяланган. Шиңжаңдагы террористтердин чабуулунан жыл башынан бери жүздөгөн адамдар мерт болду.

XS
SM
MD
LG