Газада Израил армиясынын аба соккусунан Палестинанын Ички иштер министрлигинин кеңсеси жайгашкан 7 кабат имарат жер менен жексен болду.
Палестин полициясынын маалыматына караганда, Рафахтагы соода борбору да катуу жабыркады. Ал жерде жети киши жараат алды. Палестиналык дарыгерлер Газа тилкесинин батыш бөлүгүндө аба соккулардан эки киши мерт кетип, бешөө жараланганын маалымдашты. Ишембиде болсо Газа шаарында 12 кабат имарат талкаланган.
Ал тапта Израилдин куралдуу күчтөрү Израил аннексиялаган Голлан дөңсөөлөрүнө Сириянын аймагынан беш ракета атылганын билдирди. Алар ээн жерге түшкөн.
Египет тараптарды ок атышууну токтотуу боюнча Каирдеги сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды.