Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка ” билдиришинче, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы оперативдүү ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерин 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган.
Ал машине менен кишини уруп кетүү жана мобилдик телефонду уурдоо кылмышын жашырып, кылмышка шектелген жаранды актап берүү убадасы менен андан 7000 доллар өлчөмүндө акча талап кылган.
Ушул тапта кылмыш иши козголуп, ишти Башкы прокуратура карап жатат. Кармалган милиция кызматкери №1 убактылуу тергөө абагында. (AzK)