Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Электрди чектөөдөн кийинки чыгымдар эсептелүүдө


Бул туурасында “Азаттыкка” Экономика жана өнүгүү министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев билдирди. Анын айтымында, электр энергияга киргизиле турган чектөөлөр тейлөө, курулуш, кызмат көрсөтүү тармактарына зыян келтирет. Мындан улам өндүрүшкө келтирилчү чыгымдар эсептелип, абалдан чыгуунун жолдору боюнча сунуштар иштелип чыкканы жатат.

Буга чейин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев элге кайрылып, үч фазаны үйдү жылытуу үчүн колдонууга, көңүл ачуучу мекемелерди, сауна, автожуугучтарды жылытууга, темир эритүүгө электр энергиясы чектелерин, жылытуу мезгилинде курулуш объекттерине ток берүү токтотуларын билдирген. Мындан тышкары Энергетика жана өнөр жай министрлигинин чечимине ылайык, 1-сентябрдан тарта электр энергиясына тариф өзгөрүлүп, жалпы эл бир киловатт саат электр энергиясы мурдагыдай эле 70 тыйындан, ал эми үч фаза колдонгондор 1 сом 20 тыйындан, калган керектөөчүлөр өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик мекемелер 1 сом 38 тыйындан төлөй турган болду. (AzK/BkA)

XS
SM
MD
LG