Орусиянын аймагынан, Азов деңизинин жанынан “ондогон” брондуу техника жана танкттар иргенин украин тарап билдирүүдө.
Өлкөнүн күч мекемелериндеги булактардын айтымында, ал аскерий кербенди украин чек арачылары токтотуп, ортодо уруш жүргөн. Окуянын калган чоо-жайы белгисиз.
Кабарларга караганда, уруш украин чек арасынан 10 чакырымдай алыстыктагы Новоазовск шаарчасынын жанында болгондой. Бул - Донецк облусунун аймагындагы шаарча.
Орусиядан киргендер менен украин күчтөрү ортосундагы уруш жана жаңы гуманитардык кербен тууралуу маалымат президент Владимир Путин эртең Минскте Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолугар алдында чыкты.
Өзү ал жолугушууда Орусия менен Украинанын газ талашы талкууланышы керек.
Кремль Минскте Путин менен Порошенко эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүсү мүмкүндүгүн да жокко чыгарбайт. (UE)