Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

УКМК журналистти сотко бергени айтылууда


Көз карандысыз журналист, “Фергана.ру” маалымат агенттигинин штаттан тышкаркы корреспонденти Шохрух Саиповдун “Азаттыкка” билдиришинче, аны УКМКнын Оштогу бөлүмү “Фергана.ру” сайтына 31-майда жарыяланган макаласы үчүн сотко берип, 20 миң доллар акча өндүрүп алганы жатат.

“Мен Сирияга жихадга кетип жаткандар туурасында макала жазгам. Анда биздин өздүк булактардын бири атайын кызматтын кызматкерлери динге байланышы бар адамдарды кармап, текшерип, кайсы бир тыюу салынган уюмдарга тиешеси жоктугу аныкталса деле аларды кайра кое бериш үчүн 500 доллар талап кылышканын айтып берген. УКМКнын Оштогу бөлүм башчысы муну каралоо деп эсептеп, мени чакыртып сүйлөшүп, акыры сотко беришти. 20-августта шаардык соттон мага чакыруу келди, -деди Саипов. Саиповдун айтымында, соттук териштирүү 28-августта болот.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов менен байланышканыбызда “атайын кызматтар 500 доллар талап кылды” деген маалымат чындыкка туура келбестигин айтып, деги эле бул окуя туурасында эч кандай маалыматы жоктугун билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG