Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Бүтөр-бүтпөсү арсар ат майдан

9-14-сентябрда өтчү "Көчмөндөр оюнуна" карата оңдолуп жаткан Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу бүтө элек. 800 гана кишиге ылайыкташкан ат майдан учурда 7 миң киши баткыдай кеңейтилип жатат. Курулуш иштерине бюджеттен 52 млн. сом бөлүнгөн. Уюштуруучулардын айтымында, бул каражат курулушту толук бүткөрүүгө жетпейт. Айрым адистер курулуш шашылыш жүрүп жаткандыктан ат майдандын сапаты талапка жооп бербейт деп сындап келишет. Туризм департаменти ат майдандын курулушу 1-сентябрга чейин бүтөрүн убада кылган.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG