Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхында, кытай медиасы атагандай, эң ири аскерий машыгууга уюмга мүчө өлкөлөрдөн 7000дей жоокер катышууда.
Алты күндүк аскерий машыгуу кечээ Кытайдын Ички Монголия провинциясынын аймагында башталды. Анда авиация, абадан коргонуу системалары, радиоэлектрондук согуш каражаттары да колдонулуп жатат.
“Тынчтык миссиясы -2014” деп аталган машыгууларга кытай армиясынын Башкы штаб башчысынын орун басары Ванг Нинг жетекчилик кылууда. Кыргыз аскерлерин машыгууга армиянын Башкы штаб жетекчисинин орун басары, генерал Жаныбек Капаров баштап кеткен. (UE)