Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, өкмөт Жерүй алтын кени боюнча жаңы сынак уюштуруу маселесин карайт. Өкмөт өткөн жылы Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Эксперттер кен үчүн 300 млн. доллардын суралышы жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен. Жерүй боюнча жаңы конкурс өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирген. (AiT)