25-августта премьер-министр Жоомарт Оторбаев донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстандын энергетикалык тармагы экспорттоочу эмес, импорттоочуга айланып баратканын, ошондуктан тармак чечкиндүү реформаланыш керектигин билдирген. Премьер-министрдин айтымында, азыркы абал сакталып кала берсе, Кыргызстанда энергетикалык тартыштык күч алат.
Келерки жылы 4.2 млрд. килловатт саат, 2017-жылы 6.3 млрд. кВатт саат электр энергиясы жетишпей калат. Өкмөт башчы донорлор менен биргеликте энергетика тармагын өнүктүрүү, жаңы кубаттуулуктарды куруу боюнча стратегия иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. (AiT)